Ийгилик уланууда! КӨЭАУнун студенттери поэзия сынагында 1-орунду багындырышты!

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча Жарлыгынын негизинде Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы өткөрүп жаткан “Жалындуу жаштар” долбоору таланттуу жаштарды шыктандырып, чыгармачылык сересине жол ачууда.
Долбоордун алкагында өткөн “Жашоонун төрт мезгили” поэзия сынагында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин таланттуу студенттери поэтикалык ой жүгүртүүсү, көркөм табити жана сахна маданияты менен айырмаланып, байгелүү 1-орунду камсыз кылышты!
Бул жеңиш — КӨЭАУ жаштарынын чыгармачылык дараметинин жана интеллектуалдык деңгээлинин бийик даражада экендигин далилдеп койду.
Таланттуу студенттерибизге кең келечек, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение кларнет, гобой, динамик, арфа и скрипка
Нет описания фото.
Возможно, это изображение помост и текст