Ош шаардык мэриясы тарабынан 6-апрель — Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган жазгы жалпы массалык жеңил атлетика боюнча чуркоо мелдешинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери мыкты натыйжаларды көрсөтүп, бирдей 2-, 3- жана 4-орундарды багындырышты.
Бул ийгиликтер студенттерибиздин үзүрлүү эмгегинин, машыктыруучулардын жетектөөсүнүн жана университеттеги спорттук даярдыктын жогорку деңгээлинин жемиши катары бааланат.
Иш-чаранын негизги максаты — шаар тургундарынын ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана майрамдык маанай тартуулоо болгон.
КӨЭАУ командасынын активдүү катышуусу жаштар арасында спортко болгон кызыгууну арттырып, сергек жашоого шыктандырды.
Студенттерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жаңы жеңиштерге жол ачкан ийгилик болсун!
Коммуникация жана медиа департаменти




