Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын алкагында Дене тарбия жана спорт багытындагы студенттер арасында III өтмө кубок салтанаттуу түрдө ачылды.
Иш-чара факультеттин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты Жаңыл Айтышова жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамынын өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү менен ачылып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңырышы астында расмий старт алды.
Өз сөзүндө декан Айтышова студенттердин тандаган тармагынын маанилүүлүгүнө токтолуп, спорттун күчү менен коомго дем-күч берген, ден соолукту баалаган, мамлекеттин желегин бийик көтөрө алган жаштардан болууга чакырып, майрамдык маанай каалады.
Спорттук жумалык Дене тарбиянын теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, студенттердин маанайын көтөрүү, достукту бекемдөө жана факультет ичиндеги ынтымакты күчөтүүгө чоң өбөлгө жаратты.
Бардык катышуучуларга алдыңкы ийгиликтерди, бекем ден соолук жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Коммуникация жана медиа департаменти




