Видеосабактарды түзүүнүн заманбап технологиялары талкууланды

Бүгүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинде кезектеги окуу-усулдук кеңешменин отуруму өтүп, окутуунун сүрөттүү формаларын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маселе каралды.
Иш-чарада техника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Өмүрбекова
“Видеосабактарды түзүүнүн технологиялык аспектилери: мүмкүнчүлүктөр, мүчүлүштүктөр жана сапатты камсыздоо маселелери” деген темада мазмундуу баяндама жасап, видеолекциялардын сапатын жогорулатууда маанилүү болгон ыкмалар, техникалык талаптар жана практикада учураган көйгөйлөр боюнча түшүндүрмө берди.
Факультеттин деканы, п.и.к., доцент Жаннат Каденова окутуучунун пайдалуу жана кызыктуу баяндамасын жогору баалап, ага ыраазычылык катын тапшырды.
Факультетте окутуунун жаңы форматтарын өнүктүрүү, санариптик билим берүү ресурстарын кеңейтүү жана окутуучулардын кесиптик потенциалын чыңдоо багытындагы иштер тынымсыз өтүп турат.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение ‎учеба и ‎текст "‎KNOWLEDGE KNOWLE IS POWER - S 0: י4‎"‎‎
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, больница и текст