Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде “Студенттик стартап” пилоттук программасынын алкагында жеңип чыккан долбоорлорду ишке ашыруу боюнча экинчи отурум болуп өттү.
Иш-чарага университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган жетекчилер, долбоорду ишке ашыруучу тараптар катышты.
Ректор өз сөзүндө студенттик стартаптардын практикалык маанисин баса белгилеп, долбоор жетекчилерине
каражатты максаттуу жана рационалдуу пайдалануу, жумушту сапаттуу жана жогорку жоопкерчилик менен аткаруу талабын койду.
Эскерте кетсек, Республикалык деңгээлдеги сынакта КӨЭАУнун студенттеринин “Аутизм жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана эмоционалдык өнүктүрүү борбору” (450 000 сом), “Санарип Ош” (Digital Osh) (1 000 000 сом) жана “Kids Web Kyrgyzstan” билим берүү платформасы (430 000 сом) стартап долбоорлору жеңүүчү деп табылган.
Профессор Абдилбает Мамасыдыков демилгелүү студенттердин ийгилигин жогору баалап, жаңы идеяларды жаратуу, инновациялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана университеттин стартап экосистемасын кеңейтүү багытында ишти улантууга чакырды.
Ошондой эле ректор стартап борборуна ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу-семинар уюштурууну тапшырды. Бул — студенттерге реалдуу тажрыйбаны, мотивацияны жана ишкерликтин механизмдерин терең түшүнүү мүмкүнчүлүгүн түзмөкчү.
Отурум активдүү талкуулар менен коштолуп, катышуучулар тарабынан бир катар баалуу сунуштар айтылды.
Коммуникация жана медиа департаменти




