КӨЭАУ окутуучулары Казакстан математиктеринин биринчи конгрессине катышышты

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин окутуучулары — ф.-м.и.к., профессор Жумагүл Жээнтаева, п.и.к., доцент Тойжан Кадырова жана ага окутуучу Санавар Жакиева 3–6-апрель күндөрү Казакстан Республикасынын Шымкент шаарында өткөн Казакстандын математика коомунун «Казакстан математиктеринин биринчи конгрессине» катышып келишти.
Аталган конгрессте Ж.Жээнтаева «Өзгөчө чечимдери бар динамикалык системалардын категориясы» деген темада, Т.Кадырова «OpenFOAM же ANSYS Fluent программалары аркылуу суюктуктун агымынын ылдамдыгын жана басымын көрсөтмөлүү чагылдыруу» деген темада, ал эми С.Жакиева «Санариптик билим берүү шартында мектеп математикасындагы математикалык түшүнүктөрдү өнүктүрүү» деген темада баяндама жасап, жыйынга активдүү катышышты.
Конгресстин алкагында уюштуруучулар тарабынан Казакстан Республикасынын тарыхый жана маданий борбору болгон Түркстан шаарына экскурсия өткөрүлүп, катышуучуларга өзгөчө таасир калтырды.
Иш сапар КӨЭАУнун окутуучулары үчүн илимий тажрыйба алмашууга, жаңы байланыштарды түзүүгө жана изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын эл аралык деңгээлде таанытууга чоң мүмкүнчүлүк жаратты.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст

Возможно, это изображение текст "атических объектов объектови H1 ntation of kinematic горо- матики показано, как об- нес составление терми- ентом началось 1950-e стабилизации, которая нальных уравнений, запаздывания любой я, выразившийся явле- еских моделен ескихмоделей paMkax стемам автоматического ! රබරධ‍රය"

Возможно, это изображение текст