Аталган форумду өткөрүү үчүн келген ардактуу конокторду: “Кыргыз Аксакалдар кыймылы” коомдук бирикмесинин башкы директору Камбарали Оркошовду жана Чүй университетинин проректору Темирлан Акматовду Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков расмий кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” багытында мазмундуу пикир алышып, улуттук баалуулуктарды сактоо, жаш муунду тарбиялоо жана заманбап, дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүнүн орду тууралуу маанилүү маселелерди талкуулашты.
Андан соң коноктордун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук нарк боюнча жарлыгына ылайык “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу форум өткөрүлдү.
Форумду ректор, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо менен катар, дүйнөлүк стандарттагы билимге болгон умтулууну күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргыз Аксакалдар кыймылы” коомдук бирикмесинин башкы директору Камбарали Оркошов жана Чүй университетинин проректору Темирлан Акматов жандуу баарлашуу форматында мазмундуу баяндамаларын жасашты. Алар мекенге болгон сүйүү, ата-энеге урмат жана тарбиянын мааниси тууралуу автордук ырларын көркөм окуп, жаштарга терең таасир калтырды.
Студенттер форумга активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, баалуу жоопторду алышты. Ошондой эле автордук ырларды аткарып чыккан студенттер коноктор тарабынан китеп белектер менен сыйланышты.
Бул форум жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөөгө, руханий баалуулуктарды даңазалоого жана билимге болгон умтулуусун арттырууга багытталган маанилүү аянтча болуп калды.
Коммуникация жана медиа департаменти




