“Ааламга сапар” – Космонавттар күнүнө арналган иш-чара өттү

КӨЭАУнун инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинде физика, математика жана окутуунун усулу кафедрасы тарабынан 12-апрель – Космонавттар күнүнө карата “Ааламга сапар” аталышында иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле 1–4-курстардын физика профили боюнча билим алган студенттери активдүү катышты.
1-, 2- жана 4-курстун студенттери космос темасындагы чыгармачыл көргөзмөлөрдү даярдап, “Аалам биздин көзүбүз менен”, “Технология жана Космос” жана “Космосту өздөштүрүү: Келечек” темаларында ракета моделдерин, илимий макеттерди жана плакаттардын көргөзмөсүн сунушташты. Ал эми 3-курстун студенттери иш-чаранын салтанаттуу жана интеллектуалдык бөлүгүн уюштурууда өзгөчө активдүүлүк көрсөтүштү.
Факультеттин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Жумагул Жээнтаева иш-чаранын тарыхый маанисин белгилеп, студенттердин чыгармачыл жана илимий багыттагы демилгелерин жогору баалады.
Калыстар тобу эң мыкты экспонаттарды жана презентацияларды аныктап, жеңүүчүлөргө 1-орун, “Эң оригиналдуу макет”, “Илимий мамиле”, “Эң креативдүү стенд” сыяктуу номинациялар боюнча грамоталарды жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.
Айрыкча 4-курстардын бүтүрүүчү катары кошкон салымы өзгөчө белгиленди.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и помост
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "I EATOP e TORAT a TOPAT иЛиm SGAYMY"
Возможно, это изображение игрушка
Нет описания фото.