КӨЭАУда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” форуму уланууда

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жаштарды руханий баалуулуктарга үндөгөн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” форуму өз ишин улантууда.
Аталган иш-чара университеттин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Ажымамет Ботоноев, STEM колдонмо кесиптер колледжинин директорунун орун басары Сагынбек Маманов жана Билим берүү жана инновациялык колледжинин директорунун орун басары Дамир Сааданбек уулу тарабынан уюштурулуп, аталган колледждердин студенттери менен жамаатынын катышуусунда өттү.
Форумга “Кыргыз Аксакалдар кыймылы” коомдук бирикмесинин башкы директору Камбарали Оркошов жана Чүй университетинин проректору Темирлан Акматов катышып, мазмундуу баяндамаларын сунушташты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” багытында пикир алышып, улуттук баалуулуктарды сактоо, жаш муунду тарбиялоо жана заманбап, дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүнүн мааниси тууралуу кеңири талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук нарк боюнча жарлыгына ылайык бул уңгужолду ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Иш-чара жандуу баарлашуу форматында өтүп, коноктор мекенге болгон сүйүү, ата-энеге урмат жана тарбиянын мааниси тууралуу автордук ырларын көркөм окуп беришти.
Студенттер да активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, мазмундуу жоопторду алышты. Мындан сырткары, автордук ырларды аткарган студенттер коноктор тарабынан китеп белектер менен сыйланышты.
Форум жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөөгө, руханий баалуулуктарды даңазалоого жана билимге болгон умтулуусун арттырууга багытталган маанилүү аянтча болуп калды.
Иш-чаранын алкагында университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун атынан ардактуу баяндамачыларга ыраазычылык каттар тапшырылды.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текстВозможно, это изображение больница и текст