ЖАШ СПОРТЧУЛАРДЫН ИЙГИЛИГИ — БИЗДИН СЫЙМЫГЫБЫЗ

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Универсиадасынын алкагында өткөн I лигадагы бокс мелдешинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин спортчулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
 1-орун:
— Халбаев Мухаммад (90 кг).
 2-орун:
— Муратов Гуламидин (+90 кг);
— Кушбаков Арзубек (65 кг).
 3-орун:
— Максутов Амангелди (70 кг);
— Өмүрбеков Султанмурат (75 кг).
Спортчуларды университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, алардын ийгиликтерин жогору баалады. Ошондой эле жакынкы убакта заманбап спорттук ринг курулуп, бардык шарттар түзүлөрүн белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
 Машыктыруучулар:
— Арзиев Талантбек — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу
— Махкамов Гулам — спорт чебери.
Сиздер менен сыймыктанабыз! Мындан аркы мелдештерде дагы ийгиликтерди каалайбыз!
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст