КӨЭАУга белгилүү педагог Гапыр Мадаминов келди: студенттер үчүн шыктандыруучу семинар өттү

КРнын эмгек сиңирген мугалими, новатор педагог, “Манас” орденинин ээси жана Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты Мадаминов Гапыр агай Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине атайын иш сапары менен келип, студенттер үчүн маанилүү семинар өткөрдү.
“Өз алдынча билим алууда акыл эмгеги маданиятынын орду” аттуу заманбап усулдук семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп, жаштарга жаңыча ой жүгүртүү, билим алуунун натыйжалуу ыкмалары боюнча баалуу маалыматтарды берди.
Иш-чараны тарых-филология факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жаннат Каденова алып барып, алгач сөз университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковго берилди. Ректор өз сөзүндө коноктун билим берүү тармагындагы ордун өзгөчө белгилеп, университетке келип, студенттер менен жолугушуу өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Алымбек Датканын 225 жылдыгына карата тартылган студенттердин эмгеги — портрет — урматтуу конокко белек катары тапшырылды.
Семинардын жүрүшүндө Гапыр Мадаминов студенттер менен жандуу диалог түзүп, өзүнүн автордук педагогикалык методикасы аркылуу билим алуунун заманбап багыттарын түшүндүрүп, эл аралык тажрыйбасы менен бөлүштү.
Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылып, активдүү катышкан студенттер автордук китептер менен сыйланышты.
Бул иш-чара студенттер үчүн мотивация берген, өз алдынча билим алууга багыттаган маанилүү жолугушуулардын бири болуп калды.
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "ලො ৩ ॐ อ"
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Возможно, это изображение помост и текст