КӨЭАУда стейкхолдерлер менен жолугушуу өттү

22-апрель күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Инженердик-технологиялык жана табигый педагогикалык факультети тарабынан стейкхолдерлер менен маанилүү жолугушуу иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында конокторго университеттин заманбап материалдык-техникалык базасы видео ролик аркылуу тааныштырылып, андан соң расмий бөлүгү башталды. Жолугушууну окуу иштери боюнча проректор, филология илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева ачып, катышуучуларга жылуу куттуктоо сөзүн жолдоду.
Факультеттин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Жумагүл Жээнтаева факультеттин негизги багыттары, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү пландары тууралуу кеңири маалымат берип, билим берүү процессинин артыкчылыктарын тааныштырды.
Программанын жүрүшүндө университеттин миссиясы жана стратегиялык багыттары баяндалып, эки баскычтуу билим берүү системасынын ишке ашырылышы боюнча түшүндүрмө берилди. Иш берүүчүлөр, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр өз ой-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.
Иш-чаранын соңунда студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа сунушталып, конокторго жагымдуу маанай тартууланды.
Бул жолугушуу өз ара түшүнүшүүнү бекемдеп, конструктивдүү диалог түзүүгө жана келечектеги натыйжалуу кызматташуулар үчүн маанилүү аянтча болуп берди.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и люди учатся