КӨЭАУнун окумуштуулары эл аралык конференцияга ийгиликтүү катышып келишти

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары жана магистранттары И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөн «Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедрасынын 30 жылдыгына арналган «Костюм дизайнындагы жана көркөм маданияттагы салттар жана тренддер» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
Аталган иш-чарага философия илимдеринин кандидаты Г.Акматова, окутуучулар А.Эргешова, Д.Таабалдыева жана магистранттар Э.Алабидинова, Д.Абдыкадыров, Б.Гапарова, Л.Алмасбек кызы жана Ж.Баитовалар катышып, дизайн тармагындагы заманбап тенденциялар, улуттук көркөм маданияттагы салттарды сактоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча баяндамаларды угуп, кесиптик тажрыйба алмашышты.
Мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чарага катышуу окутуучулар менен магистранттардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение ‎текст "‎40 ስ! سح か жΝ‎"‎