«Физика жана мен» жумалыгы – теория менен практиканын айкалышы

КӨЭАУнун Билим берүү инновациялары колледжинин математика жана табигый сабактар бирикмесинде 20–24-апрель күндөрү «Физика жана мен» аттуу жумалык жогорку деңгээлде, мазмундуу жана кызыктуу форматта өткөрүлдү. Ар бир күн өзгөчө иш-чаралар менен коштолуп, студенттер үчүн пайдалуу аянтча болуп берди.
 1-күн
Жумалык салтанаттуу ачылып, анын максаты жана программасы кеңири тааныштырылды. Студенттер илим дүйнөсүнө болгон кызыгуусун арттырып, активдүү катышууга шыктанды.
 2-күн
Электр көмөкчү чордон боюнча маалыматтык иш-чара жана экскурсия уюштурулуп, катышуучулар электр энергиясынын өндүрүлүшү жана бөлүштүрүлүшү менен практикалык деңгээлде таанышышты.
3-күн
Физика сабагы боюнча олимпиада өткөрүлүп, студенттер өз билим деңгээлин сынашты. Жыйынтыгында Сайпидинова Сезим орунга, Нематуллаева Зарипа 2-орунга, ал эми Пусуров Нурислам 3-орунга ээ болушту.
 4-күн
«Электр энергиясын өндүрүү жана аралыкка берүү» темасында конок лекция окулду. Лектор — ОшМУнун окутуучусу А. Ж. Жапаркулов. Катышуучулар теориялык билим менен катар практикалык маалыматтарды да алышты.
 5-күн
STEM колледжинин окутуучулары жана студенттери тарабынан мастер-класс өткөрүлүп, ББИК студенттери «Ньютондун закондору сахнада» аттуу сахналаштырылган көрсөтүү менен өз чыгармачылыгын тартуулашты.
 24-апрель күнү жумалык жыйынтыкталып, активдүү катышкан студенттер сыйланып, иш-чара расмий жабылды.
 Бул жумалык студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, теориялык билимди практика менен айкалыштырып, илимге болгон кызыгууну арттырган маанилүү аянтча болду.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст