Ура! КӨЭАУнун студенти Мирзохид Имамназаров Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду!

Бокс боюнча Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган 49-эл аралык мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен келген күчтүү мушкерлердин башын бириктирди.
Аталган абройлуу таймашта Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенти, Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, Шопоков турниринин 3 жолку жеңүүчүсү, Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын күмүш байге ээси Мирзохид Имамназаров ийгиликтүү катышып, жеңишти багындырып, турнирдин чемпиону аталды.
Бул чоң жетишкендик – Мирзохиддин талыкпас эмгегинин, күчтүү даярдыгынын жана жогорку спорттук чеберчилигинин жыйынтыгы. Анын ийгилиги университет үчүн да, жалпы кыргыз спорту үчүн да чоң сыймык болуп саналат.
Университет жамааты Мирзохидди жана анын машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Талантбек Арзиевди чын жүрөктөн куттуктайт жана мындан кийинки мелдештерине да ийгиликтерди каалайт!
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Нет описания фото.