Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жетектеген жумушчу топтун Баткен облусуна жасаган “Билим кербени” иш сапарынын алкагында жергиликтүү маалымат каражаттарында бир катар мазмундуу маектер өткөрүлдү.
Атап айтканда, жумушчу топ өкүлдөрү Улуттук биринчи каналдын Баткен облустук телерадио компаниясында жана “Салам Медиа” маалымат аянтчасында түз эфирдеги жана маек форматындагы программаларга катышып, университеттин бүгүнкү билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, материалдык-техникалык базасы, илимий потенциалы жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат беришти.
Жумушчу топтун курамында университеттин Административдик-чарба иштери боюнча проректору Кумарбек Мисиралиев, Коммуникация жана медиа департаментинин директору Тургунбай Алдакулов, техника илимдеринин кандидаты, доцент Өскөнбай Дилишатов катышты.
Маектердин жүрүшүндө жаштарга кесип тандоо, келечектеги адистигин туура аныктоо жана сапаттуу билим алуунун артыкчылыктары тууралуу пайдалуу кеңештер берилип, КӨЭАУнун мүмкүнчүлүктөрү кеңири тааныштырылды.
Коммуникация жана медиа департаменти



