КӨЭАУда Өзбекстандын 25 жогорку окуу жайы катышкан эл аралык билим берүү көргөзмөсү өттү

25-июнь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Өзбекстан Республикасынын университеттеринин эл аралык билим берүү көргөзмөсү — 2026» аттуу масштабдуу иш-чара болуп өттү. Көргөзмөгө Өзбекстан Республикасынын 25 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышып, эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр жаралды.
Иш-чарага келген расмий конокторду КӨЭАУнун ректорунун милдетин аткаруучу, проректор Сыргак Сарыков жана Эл аралык байланыштар департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу жылуу тосуп алып, университеттин окуу корпустары, заманбап борборлору жана материалдык-техникалык базасы менен тааныштырышты.
Көргөзмөгө Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигине караштуу Билим берүүнү өнүктүрүү жана тышкы байланыштар борборунун директорунун орун басары Музаффар Эсанов, Педагогика жана ишкердик институтунун ректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Ойбек Рузуев баштаган Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Билим берүүнүн сапаты жана эл аралык стандарттар» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Анда дүйнөлүк билим берүү системаларындагы алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө, эл аралык стандарттарды билим берүү процессине интеграциялоо, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери кеңири талкууланды.
Мындан сырткары, КӨЭАУ менен Өзбекстандын бир катар абройлуу жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимдерге жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду. Алардын катарында Наманган мамлекеттик педагогикалык институту, Денау ишкердик жана педагогика институту, Гулистан мамлекеттик педагогикалык институту, Ш. Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети, Ташкент эл аралык финансылык башкаруу жана технологиялар университети, Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университети, Андижан айыл чарба жана агротехнология институту жана Термез мамлекеттик педагогикалык институту бар.
Белгилей кетсек, иш-чаранын уюштуруучусу жана алып баруучусу КӨЭАУнун Эл аралык байланыштар департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу болду.
Бул көргөзмө абитуриенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашууга, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, помост и текст
Возможно, это изображение динамик, помост и текст "nosphere here here."
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, стол и текст
Возможно, это изображение текст