Россиянын кызматташтык боюнча агенттиги (Россотрудничество) КӨЭАУда

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Ош бөлүмүнүн жетекчиси, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы вице-консулу Дмитрий Николаевич Аврам, өкүлчүлүктүн консультанты Э. З. Хагма жана улук референт Н. Талочкина иш сапары менен келишти.
Ардактуу конокторду университеттин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Зулпукаров жана Эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Чыңгыз Мамажакып уулу тосуп алып, билим берүү, илимий байланыштарды өнүктүрүү, академиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча кеңири пикир алышты.
Ошондой эле үлгүлүү үй-бүлө институтун чыңдоо, ишкер айымдарды колдоо сыяктуу коомдук маанидеги долбоорлор боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
Иш сапарынын алкагында Дмитрий Николаевич Аврам А.Зулпукаровду университеттин ректору кызматына дайындалышы менен куттуктап, Россиянын жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүктү мындан ары дагы кеңейтүүгө жана жаңы ири билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди жана Тарых-филология факультетинин орус филологиясы кафедрасынын лаборанты Орозгүл Жапарованын изденүүчүлөр жана окутуучулар үчүн уюштурулган жайкы лагерге катышуусу үчүн сапар чыгымдары толугу менен Россотрудничество тарабынан каржыланып жатканын маалымдады.
Бул жолугушуу Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана билим берүү менен илим тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү шексиз.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек