Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кызматкерлери Ысык-Көлгө 4 күндүк акысыз эс алууга салтанаттуу түрдө узатылды.
Иш-чарага окуу жайдын ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Зулпукаров катышып, кызматкерлерге жагымдуу эс алуу, чың ден соолук жана жакшы маанай каалады.
Аталган демилге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгынын алкагында өткөрүлгөн «Уңгужол – муундардын ыр мурасы» кароо-сынагын жигердүү катышкан таланттуу окутуучуларды колдоо максатында ишке ашырылды.
Эс алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Бойонов Саламат Акылбековичтин жана университеттин Бириккен кесиптик комитетинин колдоосу менен уюштурулду.
Жогоруда аталган сынакка катышкан жалпы 16 конкурсантка “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатына эс алуу үчүн акысыз сертификаттар тапшырылды. Алардын эс алуусу 10-июлдан 14-июлга чейин уланат.
Мындан тышкары, алдыдагы күндөрү КӨЭАУнун кызматкерлери кезек тартибинде Жалал-Абаддагы санаторийлерге, Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларына жана Мамакеев атындагы эс алуу жайына акысыз эс алууга жөнөтүлөт.
Бул иш-чара университет жамаатынын социалдык колдоосун күчөтүүгө, кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого жана эмгекке болгон мотивациясын жогорулатууга багытталган.
Коммуникация жана медиа департаменти



