Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын улук окутуучу Ө.Б.Алибекова филологиялык билим берүү багытындагы студенттерге «Иш кагаздарды жазуу эрежелери» аттуу семинар өттү.
Семинарга КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к. Тилекова Назира Дүйшөбаевна, факультеттин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттер катышты.
Иш-чара мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү, документтерди сабаттуу толтуруу жана заманбап стандарттарга ылайыктуулугу боюнча уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө, иш кагаздарынын негизги түрлөрү жана алардын түзүлүшү, документтерди даярдоодо көп кетирилүүчү каталар жана аларды жоюу жолдору, сабаттуу жана так жазуунун маанилүү эрежелери талкууланды.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик тил күнүнө карата университетте студенттердин, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуучу семинарлар, маданий-массалык иш-чаралар, байма-бай өтүп турмакчы.



