Мугалим — доорлорду байланыштырган руханий көпүрө

5-октябрь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Мугалимдердин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу кече өтүп, билим берүү тармагына өмүрүн арнаган устаттарга өзгөчө сый-урмат көрсөтүлдү.
Салтанатка университеттин ректору, ф-м.и.к., доцент Алтынбек Зулпукаров, Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев, профессордук-окутуучулар жамааты катышты.
Майрамдык кечеде устаттык кесиптин жоопкерчилиги, коомдогу орду жана жаш муундун келечегин калыптандыруудагы мааниси белгиленип, мугалимдерге арналган концерттик программа тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешинин депутаты Акмарал Тентимишова мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ак дилден каалоо-тилектерин билдирди.
Билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, кесиптик ишмердиги менен айырмаланган бир катар окутуучулар КР Жогорку Кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана университеттин ошондой эле бириккен кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Коммуникация жана медиа бөлүмү
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение помост и текст