Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өндүрүштүк кеңештин кезектеги отуруму өттү.

Отурумга университеттин ректору А.З. Зулпукаров төрагалык кылды. Жыйынга проректорлор, ошондой эле университеттин тиешелүү түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Отурумдун күн тартибинде октябрь айына пландаштырылган иштерди уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле ар түрдүү маселелер каралды.
Негизги маселе боюнча проректорлор жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери октябрь айына белгиленген иш-чаралар, аларды уюштуруунун тартиби жана аткарылышы боюнча маалымат беришти.
Талкуунун жүрүшүндө алдыда өткөрүлө турган иш-чаралардын мазмунун тактоо, жооптуу кызматкерлерди аныктоо жана белгиленген иштерди өз мөөнөтүндө аткаруу маселелерине көңүл бурулду.
Мындан тышкары окуу жайдын учурдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар түрдүү маселелер каралып, тиешелүү сунуштар айтылды.
Отурумдун жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жооптуу жетекчилерге белгиленген иштерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.
Коммуникация жана медиа бөлүмү
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Возможно, это изображение гобой и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
,Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст