КӨЭАУнун ректору Азиянын абсолюттук чемпиону Мирзохид Иманназаровду кабыл алды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, ф-м.и.к., доцент Алтынбек Зулпукаров бокс боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, окуу жайдын магистранты Мирзохид Иманназаровду жана анын машыктыруучусу – КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Талантбек Арзиевди кабыл алды.
М. Иманназаров бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жана Д. Шопоков атындагы эл аралык мелдештин 5 жолку чемпиону, Дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси, КРнын спорт чебери жана Азиянын абсолюттук чемпиондук курунун ээси болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө магистранттын спорттогу өзгөчө жетишкендиктери жана окуу жайдын атын эл аралык аренада таанытууга кошкон салымы белгиленип, ректор тарабынан спортчуга жана анын машыктыруучусуна жылуу каалоо-тилектер айтылды.
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст