Ошто 700дөн ашуун адам катышкан массалык чуркоо өттү: Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери алдыңкы орундарды багындырышты

Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин демилгеси менен «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук доктринасынын алкагында уюштурулган «Жаратман муун» долбооруна ылайык массалык чуркоо спорттук иш-чарасы болуп өттү.
Спорттук салтанатка Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардан 500дөн ашуун студент, окутуучулар, чет элдик студенттер жана 40 жаштан жогорку спорт сүйүүчүлөр катышып, жалпы катышуучулардын саны 700гө жакындады. Иш-чарага университеттердин ректорлору да катышып, өз командаларына дем-күч берип турушту.
Ачылыш аземинде бул иш-чара жөн гана спорттук мелдеш эмес, жаш муундун сергек жашоого болгон умтулуусун, коомдогу биримдикти, ынтымакты жана өлкөбүздүн келечегине болгон жоопкерчиликти даңазалаган маанилүү демилге экени белгиленди.
Үч чакырым аралыкка созулган чуркоонун жыйынтыгында жалпы байге фонду 130 миң сомду түзүп, алдыңкы орундарды ээлегендерге дипломдор, медалдар, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.
Студенттер арасында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин спортчулары өзгөчө айырмаланып, төмөнкүдөй жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү:
Кыздар арасында:
Абдыкапарова Анара — 1-орун (Алтын медаль)
Заирова Мадина — 2-орун (Күмүш медаль)
Алдыңкы ондукка төмөндөгү студенттер жетишти:
Туратов Кутман — 4-орун
Сагынбаев Бекбол — 5-орун
Рузиева Айсана — 6-орун.
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа, улица и текст