Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

7-ноябрь күнү Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата бир катар эскерүү иш-чаралары өттү. Иш-чаранын алкагында шаардагы бардык тарыхый эстеликтерге гүлдөр коюлуп, өткөн ата-бабалардын жаркын элесине таазим кылынды.
Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эмгек жамааты дагы жигердүү катышты. Окуу жайдын атынан мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Назира Тилекова баштаган өкүлдөр келип, ата-бабалардын элесине багыштап гүл коюп, Куран окулду.
Иш-чара тарыхый эстутумду жандандыруу жана өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатын көздөйт.
Нет описания фото.
Возможно, это изображение памятник и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и цветок