“Заманбап экономикадагы маркетингдин ролу”

Каржы –экономика факультетинин “Каржы жана башкаруу” кафедрасы тарабынан онлайн конок лекция уюштурулду.
Аталган конок лекцияны Наманган инженердик-технологиялык институтунун окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты Махмудов Тахиржан Олимжанович “Заманбап экономикадагы маркетингдин ролу” аттуу темада өтүп берди.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Наманган инженердик-технологиялык институтунун ортосундагы эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде эки окуу жайдын окутуучулары жана студенттери академиялык мобилдүүлүк боюнча тажырыйба алмашып, окутуучулары студенттерге конок лекцияларды өтүп турушат.
Alisher Iusupov, Назира Тилекова и ещё 19
Комментарии: 1
Нравится

 

Комментировать
Поделиться