“Кулун Ата мамлекеттик коругунун өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн музейи” аталышындагы китебинин бет ачары болуп өттү.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин маданий-эстетикалык комплексинин жыйындар залында Асан Боромбаевдин “Кулун Ата мамлекеттик коругунун өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн музейи” аталышындагы китебинин бет ачары болуп өттү.
Аталган китептин ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук токой чарба кызматкерлери, Кара-Кулжа районунун жетекчилери келип катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө “Кулун-ата” коругуна барып келген студенттердин сүрөттөрү көрсөтүлүп, жаратылышка байланыштуу жазылган ырлар көркөм окулду. Иш чараны университеттин биринчи проректору Топчубай Исаков ачты.
Андан соң иш чарага чакырылган сыйлуу коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышты. Китептин жаратманы Асан Боромбаевдин баяны жана ага берилген суроо-жооптор иш чараны жыйынтыктады.