Куттуктайбыз

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити «Эркин-Тоо» тарабынан Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич “Эл сыймыгы” сыйлыгы менен сыйланды.
Ошондой эле окуу жайдын сырттан окуу жана экономика боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович, эл аралык байланыштар, инвестиция жана инновация боюнча проректору, философия илимдеринин доктору Балтабаева Аида Тынайбековна “Кыргыз туусу” гезитинин тандоосу менен “Жылдын мыкты проректору” деп табылды.
Андан сырткары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Республикалык көп тармактуу коомдук “Жетиген” журналынын тандоосу менен Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасынан “Мыкты окуу жай” деп табылган.
Все реакции:

Сыргак Сарыков, Isaev Iliaz и ещё 85