Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Венгриянын 3 университети менен кызматташат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын бир нече жогорку окуу жайларынын ректорлору катышкан Кыргыз-Венгер ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган эл аралык форум өттү.
Аталган форумга Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев катышып, Венгриянын Кодоланья Яноша, Сегед, Дебрецен университеттеринин жетекчилери менен эки тараптуу кызматташуу келишимин түзгөнгө жетишти.
Эки тараптуу түзүлгөн келишимдин алкагында окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн уюштурууну, билим берүү тармагында биргелешип иш алып баруу боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.