Көп тилдүү билим берүү программасынын алкагында аймактык семинар өттү

Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдар аралыгында билим берүүнү өнүктүрүү программасына мамлекеттик тилди өнүктүрүп, көп тилдүү билим берүү бөлүгүн киргизүү багытында өлкөбүздүн билим берүү жана илим министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жогорку комиссарынын ортосундагы Кыргыз Республикасында көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында “Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу: чакырыктар жана чечимдер аталышындагы аймактык семинар өткөрүлдү.
Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын, Казахстандын билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Конокторду университеттин жетекчилиги тосуп алып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, көп тилдүү билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырып чыгышты. Кыдыруудан кийин синхрондук котормо жабдыктары менен камсыздалган лингафондук залда семинардык иш башталды.
Анда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин куттуктоо сөзүнөн кийин окуу жайдын ишмердигин чагылдырган видео баян көрсөтүлдү. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетиндеги көп тилдүү билим берүүнүн аткарылышы жөнүндөгү баяндама семинардын ишин улантты.
Андан соң Кыргызстан менен Казахстанда эне тилдин негизинде көп тилдүү билим берүүнүн натыйжалары жөнүндөгү фильмдин презентациясы болду.
Катышуучулардын тажырыйба алмашуу багытындагы суроо-жооптору, эркин аңгемелешүүсү менен семинар жыйынтыкталды.