Ош шаарында кереге кеңеш өттү

2022-жылдын 11-ноябрында Ош шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын уюштуруусу менен “Мамлекеттик тилди окутуунун методологиясы жана технологиясын өркүндөтүү” аталышында кереге кеңеш болуп өттү.
Аталган кереге кеңешке Ош шаарындагы Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гулнара Үмөтбековна, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Ош өкүлчүлүгүнүн башчысы Тилекманова Алмагул Өмүрзаковна катышты. Андан сырткары түштүктөгү бардык жогорку окуу жайлардын, мектептердин мугалимдери, региондордон атайын өкүлдөр келишти.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эмгек жамааты дагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган автордук эмгектерин келген конокторго тааныштырып, электрондук жана усулдук көргөзмөгө активдүү катышты.