Эл аралык эне тил күнүнө карата жарыяланган сынактардын жыйынтыгы чыкты

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин табигый-педагогика жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата студенттер арасында «Эң мыкты дубал газета», «Эң мыкты ыр саптар», «Эң мыкты дил баян» жана «Эң мыкты видео ролик» аталышындагы номинацияларга сынак жарыяланган болчу. Ошондой эле, ИОУ кафедрасынын окутуучусу Арыстанбек кызы Бегимайдын демилгеси менен ата-энелер арасында «Көркөм адабий китеп окуу» сынагы да жарыяланган.
Мында ата-энелерге КРнын эмгек сиңирген мугалими, п.и.к. Гапыр Мадаминовдун «Дасторкон четиндеги университет» аталышындагы китебин окуп, андан кийин ошол окуган китеби боюнча онлайн тест тапшыруулары айтылган. Бул конкурс ата-энелер үчүн аябай кызыктуу болду.
Бүгүн, 2023-жылдын 20-февраль күнү жогорудагы конкурстардын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор, баалуу белектер жана ата-энелерге ыраазылык баракчалары тапшырылды.
Иш чаранын экинчи бөлүгүндө, ата-энелер жана жеңүүчүлөр 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата факультеттин таланттуу студент кыздары тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту.
Соңунда ата-энелер балдарына татыктуу билим берип жаткан факультеттин жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.