АНАРКУЛОВ ХАБИБУЛЛА ФАЙЗУЛЛАЕВИЧКЕ КӨЭАУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен педагогика илимдеринин доктору, профессор Анаркулов Хабибулла Файзуллаевичке КӨЭАУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.
Окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Хабибулла Файзуллаевичтин Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илимий багытта жасаган иштерине кошкон салымы зор экенин айтып, окуу жай үчүн бир топ кандидаттарды даярдап чыгарып бергенине ыраазычылыгын билдирди.
Анаркулов Хабибулла Файзуллаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиянын эксперти, Кыргызыстанда жана Казакстан Республикасында диссертациялык кеңештердин мүчөсү болгон. Азыркы кезде Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетердин карамагындагы К 13.22.653 Диссертациялык кеңештин төрагасы катары аркалап келүүдө.
200дөн ашык илимий макалалары Кыргыз Республиканын, Россия Федерациясынын, Казакстан, Польша, Монголия, Грузия, Өзбекистан, Турция жана башка өлкөлөрдүн түрдүү илимий басылмаларында жарык көргөн.
Анын жетекчилигинин астында 2 докторлук жана 50дөн ашык кандидаттык диссертация корголгон.
и ещё 2
Все реакции:

Бегайым Байиева, Сыргак Сарыков и ещё 80