“Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу” аталышында биргелешкен форум өттү

Бүгүн, 30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кыздарга, аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо боюнча атайын белгиленген 16 күндүк акциясынын алкагында Милициянын генерал-майору Жапар Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун Оштогу филиалы менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-бажы факультети “Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу” аталышында биргелешкен форум өткөрдү.
Иш чарага аталган окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана курсанттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Оштогу жогорку окуу жайларынан жана укук коргоо органдарынан атайын чакырылган коноктор катышты. Форумду университеттин окуу иштери бооюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков ачып, куттуктоо сөзүн айтты.
Андан соң атайын чакырылган коноктор аялдардын жана балдардын укугунун корголушундагы бүгүнкү көйгөйлөр боюнча ойлорун ортого салды.
Иш чаранын жүрүшүндө юридика-бажы факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева “Аял укугу – адам укугу: учурдагы көйгөйлөр” деген темада баяндама жасады. Ага улай эле Жапар Шабиров атындагы окуу борборунун Оштогу филиалынын начальнигинин орун басары, милициянын капитаны Жаныбек Бекташев “Балдар укугун коргоо жана азыркы абал” аталышында баяндамага чыкты.
Катышуучулар өткөрүлүп жаткан иш чара коомдун талылуу маселесин көтөрүп чыккан орчундуу иш чара экендигин белгилешти. Суроо-жооп, кызуу талкуу менен форум жыйынтыкталды.
и ещё 13