Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кабыл алуунун биринчи туру жыйынтыкталды

Илим, билим берүү жана инновациялар министрлиги бекиткен графикке ылайык, 2026–2027-окуу жылына кабыл алуу өнөктүгү 13-июлда башталган.
Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларына 1500гө чукул абитуриент кабыл алууга сунушталды.
📌 Окууга сунушталган талапкерлер 18-июль күнү саат 17:00гө чейин «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу окууга болгон макулдугун сөзсүз тастыктоосу керек.
📅 Кабыл алуунун кийинки турлары төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:
📌 II тур — 20–22-июль
📌 III тур — 27–29-июль
📌 IV тур — 3–5-август
📌 V тур — 10–12-август
Белгиленген мөөнөттөрдү өткөрүп жибербеңиз!
Ийгилик каалайбыз! 🎓
Возможно, это изображение один или несколько человек и люди учатсяВозможно, это изображение учеба