«Гендердик зомбулукка каршы күрөшүү» акциясы

Бүгүн, 7-декабрь күнү КӨЭАУнун юридика-бажы факультетинде «Укуктук аймак» долбоорунун негизинде 16 күндүк «Гендердик зомбулукка каршы күрөшүү» акциясынын алкагында Кыргызстандын аял-судьяларынын ассоциациясы менен биргеликте атайын иш чара уюштурулду.
Аталган иш чарада Кыргызстандагы аял-судьяларынын ассоциациясынын судьясы Смаилова Асел Асылбековна «Гендердик зомбулукка байланыштуу соттук иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү» деген темада презентация жасады.
Андан соң келген коноктордун каалоо-тилектери айтылып, иш чара суроо-жооп, талкуу менен коштолду.