Эки тараптуу кызматташтык

Юридика-бажы факультетинин деканы, ю.и.д., профессор Алмагүл Көкөева баштаган юридика-бажы факультетинин окутуучулар жамааты, студенттер жана эл аралык бөлүмдүн жетектөөчү адиси Элзада Токтогулова Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинде болуп кайтышты.
Үч күндүк иш сапардын алкагында Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин жетекчилери менен жолугушуулар уюштурулуп, аталган окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып келишти.
Бул иш сапар эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде ынтымакты, достукту чыңдоо, биргелешип илим изилдөөнү жүргүзүү жана окутуучулардын окуу усулдук, илимий, тарбиялык ишмердигинде тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган.