Белгилүү тарыхчылар конок лекция өттү

Бүгүн, 6-декабрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин тарых профилиндеги студенттер үчүн конок лекция болду.
Студенттерге КР УИАнын Б. Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институнун бөлүм башчысы, т.и.к. А.Э.Кубатова “Кыргыз интеллигенциясынын калыптанышы жана алардын мусулман агартуучулар менен байланыштары” ( XIXк. аягы-XX к.башы), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун төрагасы, т.и.к., профессор К. С. Молдокасымов “Архивдик изилдөөнүн соңку жаңылыктары жана көйгөйлөрү”, И. Арабаев атындагы КУУнин алдындагы “Арабаев таануу” илимий изилдөө борборунун директору т.и.к., доцент Ж.Р. Байдилдеев “Репрессияланган кыргыз интеллигенциясы” темасындагы конок лекция окушту.
Лекция кызыктуу болуп, студенттер менен жандуу суроо-жооп, талкуу жүрдү. Коноктор студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, жаңы маалыматтар менен бөлүштү.
Конок лекциянын аягында меймандар факультетке жаңы жарык көргөн кызыктуу китептерин белекке беришти.
Конок лекцияны ТФФнын тарых жана философия кафедрасынын жамааты уюштурду.