«Гүл сунам апа, сизге арнап» Гүлдөрдүн жарманкеси өттү

Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-бажы факультети тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата стартап программасынын алкагында «Гүл сунам апа, сизге арнап» аталышында гүлдөрдүн жарманкеси уюштурулду.
Аталган жарманкеде «Оштогу кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы тарабынан ѳндүрүлүп чыгарылган гүлдѳрдүн 7 түрү студенттер тарабынан сатыкка коюлду. Мында студенттер гүлдөрдүн өзгөчөлүктөрүн айтып, аларды үй шартында өстүрүүнүн сырларын сатып алуучуларга баяндап берип жатышты. Андан сырткары ар бир гүлдүн өзүнө тиешелүү касиеттерине токтолуп, пайдалуу жактарын белгилешти.
Иш чарага окуу жайдын жетекчилери студенттер катышты. Жарманкенин максаты студенттерди окуу менен бирге өз алдынча акча табуу жолдорун издеп, соода-сатык иштерин үйрөтүүгө багытталган.