Интеллектуалдык таймаш өттү

 2-ноябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин факультет, колледждеринин студенттери арасында “Биз баатырларыбызды эч качан унутпайбыз жана дайыма даңктайбыз” аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Студенттерди мекенчилдикке, Ата Мекенди сүйүүгө үндөгөн интеллектуалдык таймаштын мазмунун 3 бөлүктөн турган суроолор түздү. Анда тарыхый инсандар, баатырлар тууралуу, дүйнө таанымын, ой жүгүртүүсүн өрчүтүү максатында логикалык жана “Мыкты оюнчу” үчүн куралган суроолор берилип, жеңүүчү командалар, мыкты оюнчулар аныкталды.
Жаштарды татыктуу билим алууга үндөгөн бул иш чарага жалпы 16 команда ат салышып, уюштуруучулар тарабынан калыстардын чечимине ылайык 1-2-3-орунду алган командалар жана мыкты оюнчу деп табылган студенттер диплом, атайын белектер менен сыйланышты.
Иш чаранын максаты студенттерди мекен үчүн кызмат кылууга үндөп, алардын ынтымагын, достугун бекемдеп, өз алдынча китеп окуп, көбүрөөк изденүүгө чакыруу экенин уюштуруу тобу билдирди. Аталган интеллектуалдык таймашты уюштурууну окуу жайдын “Интеллектуалдар” борбору колго алган.