Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Жаңы жылды утурлай “Ректордук бал-2022” өттү

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жаштар комитети жыл жыйынтыгын чыгарып, анын алкагында “Ректордук бал-2022” өткөрдү.
Майрамдык кечеге окуу жайдын студенттери катышты. Алгач аларды КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев жана факультеттердин декандары куттуктап, студент жаштарыбыздын окууларына ийгилик каалап, келечекте мыкты кесип ээлери болгула деген тилектерин билдиришти.
Кечеде университеттин алдыңкы студенттери окуу жайдын жана бириккен кесиптик бирлик комитетинин, Ош шардык жаштар комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Андан сырткары КӨЭАУнун студенттик жаштар комитети тарабынан уюштурулган “Мыкты окутуучу-2022” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, Жаңы жылдык кечени окуу жайдын таланттуу студенттери шаңга бөлөдү.