ОшМУнун өнөрпоздору Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде конокто

Бүгүн, 16-апрелде Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин таланттары ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жамаатына концерттик программа тартуулашты.
Мында ОшМУнун искусство факультетинин окутуучулары жана таланттуу студенттеринен түзүлгөн чыгармачыл топ, Манас айтып, студенттерден түзүлгөн комузчулар ансамбли күүлөрдү чертип, вариация, хор, чет элдик заманбап ырларды ырдап, эстрадалык жана фольклордук жанрдагы чыгармаларды ансаблдин коштоосунда жандуу аткарып, көрүүчүлөрдүн маанайларын көтөрүштү.
Концерттик программага күбө болгон окуу жайдын жамааты искусство факультетинин жалпы өнөрпоздоруна ыраазычылык билдиришти.