Ректор камкорчулар кеңешинин төрагасын кабыл алды

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков университетти стратегиялык өнүктүрүү максатында камкорчулар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Зулпукаров Капар Зулпукаровичти кабыл алды.
Жолугушууда эки тарап окутуунун жаңы технологиясы, билим берүүнүн сапаты тууралуу ойлорун ортого салышты.
Кеп кезегинде ректор, Капар Зулпукаровичтей дасыккан илимпоздордун идеясын, педагогикалык тажрыйбасын пайдалануу жаш окумуштуулардын чыныгы илимпоз катары калыптанышы үчүн, университеттин өнүгүү жолу үчүн натыйжалуу жыйынтык бере тургандыгын баса белгиледи.