“Санариптик мамлекет” аталышында квалификацияны жогорулатуу программасы ишке ашырылды

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы жана Жалал-Абад шаардык мэриясы менен үч тараптуу түзүлгөн келишимине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн 2023-жылдын 8-декабрынан 22-декабрына чейин «Санариптик мамлекет» аталышында 72 сааттык квалификациясын жогорулатуу программасы ишке ашырылды.
Долбоор толугу менен Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы тарабынан каржыланды.
Аталган программага Жалал-Абад шаардык Мэриясынын 25 кызматкери активдүү катышып сертификаттарга ээ болушту.
Сертификаттарды Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович жана Эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор, ф.и.д., профессор Балтабаева Аида Тынайбековналар тапшырышты.