Урматтуу кесиптештер, кадырлуу студенттер, ардактуу мекендештер!

Мүнөт санап жакындап келе жаткан балык жылы жалпы адамзат коому үчүн бейпил турмуш тартуулаган жыл болсун! Жаңырган жылда арааздашкан тараптар ынтымакка келип, достуктун туусунун алдында бириксин! Жыл ичинде Жер жүзүндө, биздин өлкөбүздө табигый кырсык болбосун! Мекенибизде барчылыктын, токчулуктун ыры ырдалып, калк арасында биримдиктин желеги желбиреп турсун! Эмгек жамаатыбыз багындырган жаңы бийиктиктер көп болсун! Ар бирибиздин жеке ишибизде ийгиликтер жылмайып, аны оомат коштоп турсун! Катарыбыз суюлбай, жаңы көз караштагы, эмгекчил жаштар менен катарыбыз толукталсын! Балык жылы ар бир үй-бүлө үчүн ден соолуктун, молчулуктун жылы болсун!
Жаңы Жылыңыздар менен!
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек
Эл аралык университетинин
Ректору, э.и.д., профессор А.А.Мамасыдыков