Жалпы жамаатка кошумча бир айлык акчалай сый көрсөтүлдү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жыл соңунда университеттин экономикалык артыкчылыктарын, каржы мүмкүнчүлүгүн карап чыкты.
Анын натыйжасында жыл жыйынтыгы чыгарылып, мыктыларга берилүүчү сыйлыктан сырткары жамааттын ар бир мүчөсүнө кошумча бир айлык акы өлчөмүндө акчалай сый көрсөтүү демилгесин көтөрдү.
Окумуштуулар кеңешинин жыйынында ректордун демилгеси бир добуштан кабыл алынды.