Студенттердин күзгү спартакиадасы жыйынтыкталды

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде күндүзгү окуудагы студенттердин күзгү спартакиадасы жыйынтыкталды.
Аталган спартакиада 2022-жылдын 14-ноябрында спорттун 8 түрү боюнча башталган. Алгач 1-курстар арасында, андан соң жалпы факультет, колледждерде билим алган студенттердин арасында уюштурулду.
Спорттук иш чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө окуу жайдын ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич катышып, студенттерди сергек жашоого, дене тарбияга жана спортко үндөп, жеңишке жетишкен командаларга диплом, акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Белгилей кетсек бул спорттук иш чара жыл сайын “Достук” спорт клубу тарабынан студенттер арасында өткөрүлүп келет. Мыкты деп табылган командалардын жана студенттердин арасынан тандоо жүргүзүлүп, окуу жайдын курама командаларына кошулат. Алар жогорку окуу жайлар арасындагы мелдештерге катышып, окуу жайдын намысын коргошот.