Сый көрсөтүп урматтаган адамзат, Бул өмүрдүн мазмуну сен Аялзат!

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 8-март – Айымдардын Эл аралык майрамы белгиленди. Бүткүл дүйнөдө белгиленип келе жаткан майрамдык иш чарага окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев катышып, университеттин жалпы айымдарын куттуктап, ааламдагы бардык сулуулук, улуулук, аруулук, тазалык аялзатында гана бар экенин айтып, сымматыңыздарды жоготпой, аруу бойдон жүрө бериңиздер деген каалоосун билдирди.
Андан соң жаштарга билим берүүдө өзгөчө орду бар эжекелерге окуу жайдын Ардак грамоталарын, Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Ош облустук комитетинин жана КӨЭАУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин сыйлыктары тапшырылды. Майрамдык иш чара университеттин таланттуу мырзалары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.