2022-жылдын 22-ноябрь күнү каржы-экономика факультетинин “Каржы жана башкаруу” кафедрасы тарабынан «Финансист» студенттик илимий ийрими менен биргеликте уюштурулган “Экономикалык көйгөйлөр экологиялык көйгөйлөрдөн маанилүүбү?”,-деген аталыштагы дебат болуп өттү.
Дебатка каржы-экономика факультетинин жана кесиптик колледждин “Экономика” адистигинин студенттеринин командалары катышты.
Иш -чаранын башталышында каржы-экономика факультетинин деканы Шайдилла Шакиев сөз сүйлөп, бүгүнкү күндөгү экономикалык көйгөйлөргө токтолуп, жаш экономистердин окууларына ийгиликтерди каалады.
Андан соң дебат өз ишин улантты. Дилгир катышкан студенттер уюштуруучулар тарабынан даярдалган белектер менен сыйланышты.