1-курстарды “Кабыл алуу” аземи уланууда

Бүгүн, 24-ноябрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл арлык университетинин юридика-бажы, тарых-филология, каржы-экономика факультеттеринде 1-курстарды “Кабыл алуу” аземи өттү.
“Кабыл алуу” аземине университеттин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков жана аталган үч факультеттин декандары катышып, 1-курстарды куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалап, майрамдык иш чарага күбө болушту.
Иш чара үч факультеттин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.